• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өлкө аймагында 1-августка карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 01.08.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, бүгүн, 1-августта Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Талас облусунда +26…+31, Ысык-Көл, Нарын облустарында +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31…+36 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +31…+33, Ош шаарында +34…+36 градуска чейин жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий