• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Май майрамдары. 5 миңдей милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

Коом 0

Бишкек, 29.04.23. /Кабар/. Май айындагы майрамдарды өткөрүү жана даярдык көрүү учурунда 5 миңге жакын милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлиги тарабынан 1-майдан 10-майга чейин коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, республиканын аймагында мүмкүн болгон укукка каршы аракеттердин алдын алуу иш-чараларынын комплекси өткөрүлөт.

“Милициянын кызматкерлери майрам учурунда адамдардын коопсуз эс алуусу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт. Салтанаттуу массалык иш-чаралар жана элдик майрамдар өткөрүлүүчү жерлерде укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн милициянын кезметтеринин күчөтүлгөн нөөмөтү каралган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий