• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Манас" аэропорту универсалдуу учактарды жылытуучу техникаларды сатып алды

Коом 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту учактарды жылытуучу универсалдуу техникаларды сатып алды. Мындай атайын техникалар көп жылдардан бери сатып алынган эмес.

Аэрпорттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мындай атайын жабдуулар аэродромдун ачык паркинг зонасында муздан арылтуу жана ар кандай типтеги жана категориядагы учактардын кыймылдаткычтарын, канаттарын, учактардын ичтерин жылытуу үч үн колдонулат.

Универсалдуу моторлуу жылыткычтар учуунун коопсуздугуна, адамдардын өмүрүнүн коопсуздугуна, абадагы жүргүнчүлөрдүн жана техникалык персоналдын ден соолугуна, айлана-чөйрөгө таасир этпейт, ошондой эле аба кемелери жана жарандык авиациянын башка объекттери менен техникалык жана технологиялык шайкештикти, функционалдык мүнөздөмөлөрдүн туруктуулугун, аба кемесинин коопсуздугун камсыз кылат.

"Бул универсалдуу жылыткычтар кыш мезгилинде абдан керектүү жабдыктардын бири. Анткени бул жылыткычтар менен учактардын ичин, учактардын кыймылдаткычтарын жана канаттарын жылытууга болот. Бул 3 атайын техниканын бири "Манас" эл аралык аэропортунда калат, ал эми эки техника "Ош" жана "Каракол" эл аралык аэропортторуна жиберилет", - деп кабарлады "МЭА" ААКнын өндүрүш иштери боюнча директору Бекбача уулу Бакытбек.

Пикир

Оставить комментарий