• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркияда асма жолдун кабинасы кулап, кыргызстандык аял жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 13.04.24./Кабар/. Түркиянын Анталья шаарында асма жолдун кабинасы кулаган. Анын кесепетинен Кыргызстандын жараны жабыркаган. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жабыркаган аял тик учак менен ооруканага жеткирилген.

Кыргызстандын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери ооруканага барып, медициналык текшерүүнүн натыйжасында далы жана буттун көгөргөн жерлери катталган.

"Аны ооруканада реабилитациялоону улантуу боюнча макулдашууга жетишилди", — деп кошумчалашты ТИМден.

Пикир

Оставить комментарий