• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Мэрия пасхага карата автобустардын санын көбөйтөт

Коом 0

Бишкек, 05.04.18. /Кабар/. Калаа тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн ушул жылдын 8-апрелинде Пасха майрамын белгилөөгө байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорттун санын көбөйтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, №8 каттам боюнча жүрө турган автобустардын саны көбөйтүлөт. Чыңгыз Айтматов көчөсү жабык болгондуктан, аталган автобустук каттам Кожобергенов, Садырбаев, Түштүк магистраль, Асаналиев, Лев Толстой, Жаш Гвардия, Киев, Бейшеналиев, Чүй, Жаш Гвардия көчөлөрү аркылуу Маевка айылына чейин барат.

Андан тышкары, “12 кичи району – Түштүк-Батыш көрүстөнү” жана "Цирк – Түштүк-Батыш көрүстөнүнө” каттаган муниципалдык автобустардын саны көбөйтүлөт. Кошумча маршруттар 7:00дөн саат 14:00гө чейин иштейт.

Жол кире акысы – 8 сом, №285 каттамы боюнча жүргөн кичи автобус саат 12:00дөн баштап ЦУМдан көрүстөн тарапка Гвоздь айылына барат.

Шаар мэриясы калаа тургундарын келе жаткан майрамы менен куттуктап, жагымдуу эс алуу күндөрүн каалайт.

Пикир

Оставить комментарий