• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министрлер кабинетинин 100 күнү: Жөлөкпулдардын жана пенсиялардын өлчөмү жогорулатылды

Өкмөт 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 1-январынан тарта ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга социалдык жөлөкпулдардын, багуучусунан айрылган балдарга социалдык жөлөкпулдардын жана пенсиялардын өлчөмү жогорулатылды.

Атап айтканда, ВИЧке, же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жактарга 2021-жылдын 1-октябрынан тартып ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 4000 сомдон 6000 сомго чейин жогорулатылса, 2022-жылдын 1-январынан тарта аталган жөлөкпулдардын өлчөмү 8 000 сомду түзөт.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн башка бардык жөлөкпулдардын өлчөмү жогорулатуу тарабына каралып чыкты.

Эмгекке акы төлөөнүн жана социалдык жактан колдоонун шарттарын жакшыртуу максатында мамлекеттик сектордун жана күч блогунун айрым категориядагы кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды.

Каражаттарды топтоо жана экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу долбоорлорун каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын президентинин «Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жөнүндө» Жарлыгына кол коюлган.

Бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөр киргизилди.

Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынып, анын алкагында консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгүнүн көрсөткүчүн 400 миллиард сомго жеткирүү милдети коюлган.

Пикир

Оставить комментарий