• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министрлер кабинетинин алдында Инвестициялык кеңеш түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңештин базасында министрлер кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңеш түзүлдү.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Мындай чечим бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгүн коргоо жана колдоо механизмдерин, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүдө кызыкдар тараптардын ишин координациялоо максатында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңеш мамлекет менен бизнес-коомчулуктун ортосунда натыйжалуу диалогду камсыз кылуу максатында түзүлгөн туруктуу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий