• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министрлер кабинетинин төрагасы кызматтык милдеттерин аткарууга киришти

Өкмөт 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүндөн тарта медициналык мекемеден чыгарылгандыгына байланыштуу өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга киришти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 28-апрелде Министрлер Кабинетинин башчысы жүрөгүнүн оорусуна жана кан басымы төмөндөп кеткендигине байланыштуу М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.

Жүргүзүлгөн медициналык процедуралар миокард инфаркты оорусун тастыктаган жок, бирок жүрөк тамырларынын спазмы аныкталган.

Учурда Акылбек Жапаровдун ден соолугу туруктуу деп бааланууда, ошол эле учурда ал амбулатордук медициналык жардам алууда.

Пикир

Оставить комментарий