• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талас облусунда социалдык маанидеги товарлардын баасы туруктуу

Аймак 0

Бишкек, 12.10.22. /Кабар/. Талас облусунда социалдык маанидеги товарлардын баасы туруктуу. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирет.

Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышовдун Талас облусундагы азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу май, көмүргө карата болгон баалар тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:

Учурда атаандаш рыноктордогу, ошондой эле үстөмдүк кылуучу субъекттер турган рыноктордогу баалар Кызмат тарабынан жөнгө салынбайт, алар рыноктук механизмдерди эске алуу менен эркин түзүлөт.

Кызмат өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык маанидеги товарлардын (СМТ) рынокторунда иштерди жүргүзөт - булар баанын негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-чараларынан, орточо рыноктук чекене баага мониторинг жүргүзүүдөн, ошондой эле мыйзамдын талаптарын бузуулардан турган алдын алуу иш-чаралары болуп саналат.

Кызматтын аймактык бөлүмдөрү бааларды кармоо максатында жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамынын 7-беренесинин алкагында иш алып барат.

Учурда Талас облусунда 2022-жылдын сентябрь айынын башына салыштырмалуу негизги жеке социалдык маанидеги товарларга баалар төмөндөдү.

Казакстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы, атап айтканда, дизель отунуна Казакстандын жарандары үчүн талон системасы киргизилди, дизель майынын талонсуз 1 литринин баасы 80 сом болот. Ошентип, күйүүчү-майлоочу майлардын кымбаттыгы тууралуу маалымат толук ишеничтүү эмес.

Ошондой эле Талас облусунун төмөнкү базарларында абал туруктуу:

2022-жылдын 1-октябрынан тартып чийки сүттүн сатып алуу баасы бир литрине 30 сомду түздү, сатып алуу 5-6 сомго кымбаттады. Бул базардын сезондук мүнөзүнө байланыштуу.

Төө буурчак рыногундагы баа конъюнктурасы Кызмат тарабынан бир нече жолу белгиленгендей, бир топ өзгөрүп, төө буурчактын негизги сорту “подельник” 1 кг үчүн 100 сомдун чегинде сатылып алынган.

Эт базарында баа туруктуу болуп, кой эти 490 сомдон, уй эти 450 сомдон болууда. Облусту көмүр менен камсыз кылуу боюнча 2022-жылдын 14-сентябрында Казакстандын көмүрдү автотранспорт менен ташып чыгууга тыюу салынгандыгына байланыштуу Талас облусунун көмүр рыногунда ташып келүүнүн кыскарышы байкалууда. Импорттолгон көмүрдүн 1 тоннасынын баасы 800-1000 сомго кымбаттады.

Көмүр рыногундагы кырдаалды жөнгө салуу максатында КР президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте запастарды камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө. Маймак темир жол станциясынын аймагында кошумча 2 күйүүчү май базасы түзүлүп, алар Казакстандан темир жол менен алынып келет. Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Казакстандын Кыргызстандагы элчиси жана Жамбул облусунун акими менен сүйлөшүүлөрү (эки облустун кол коюлган меморандумунун негизинде), андан кийин КР Тышкы иштер министрлиги аркылуу Талас облусуна казак көмүрүн чектөө жана үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча расмий кат жөнөтүлгөн.

Ошентип, Талас облусунун социалдык маанидеги товарлардын базарларындагы баалардын абалы Кызматтын көзөмөлүндө жана учурда туруктуу, продукциянын жетиштүү запасы бар.

Учурда Жогорку Кеңеште бирдиктүү мамлекеттик баа саясатын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан, бааларды жана алардын өзгөрүшүн декларациялоону караган жана бардык адамдардын ишинин ачыктыгына жана айкындуулугуна багытталган “Баа түзүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда. Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы кант жана көмүр рынокторунда баа механизмин киргизүүгө, сүт, күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий