• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мындан ары бир дагы чиновник мамлекеттин, элдин байлыгына кол сала албайт — Ташиев

Коом 0


Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Мындан ары бир дагы чиновник, мамлекеттин, элдин байлыгына кол сала албайт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжде сүйлөп жатып айтты.

УКМК төрагасы акыркы үч жылда өлкө бюджети болуп көрбөгөндөй жакшы көрсөткүчкө жетип, өсүш болуп жаткандыгын айтты.

"Бюджеттин баары элдин кызыкчылыгы үчүн иштейт. Бүгүнкү күндө бир дагы чиновник мамлекеттин, элдин байлыгына кол сала албайт. Биз ага жол бербейбиз", - деп, Ташиев спорттук колледждин тарбиялануучуларын мамлекеттин келечегин аныктаган жаштар болуп өсүүгө үндөдү.

Пикир

Оставить комментарий