• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын райондук бюджетинде 37,5 млн сомдук каржы бузуулар аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. 2021-2022-жылдарга карата Нарын районунун жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлдү.

Эсептөө палатасынан билдиришкендей, аудиттин жыйынтыгы менен райондук бюджетте 37 млн 597,2 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды. Анын ичинен:

  • КР бюджеттик тутумундагы бюджетке каражаттардын келип түшүүсүн жана кайтаралышын камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлбөшү – 3381,5 миң сом;
  • КР бюджеттик тутумундагы тиешелүү бюджеттерге которулбаган каражаттар – 93,6 миң сом;
  • бюджеттен каражаттарды алууда жана бюджеттен алынган каражаттардын ордун толтуруу жана башка бузуулар – 299,4 миң сом;
  • КР бюджеттик тутумдун бюджетинин каражаттарын максатсыз пайдалануу – 45,0 миң сом;
  • капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар – 2407,0 миң сом;
  • милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашык жана тастыкталбаган чыгымдар) – 351,4 миң сом;
  • КР бюджеттик тутумундагы бюджеттин аткарылышындагы башка кемчиликтер жана бузуулар – 652,2 миң сом;
  • мүлктү сактоонун камсыздалбашы – 19904,9 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы жана башка бузуулар – 262,0 миң сом;
  • бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актыларын бузуулар – 2801,8 миң сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар – 7398,4 миң сом.

Мындан тышкары, 13 башка жол-жоболук бузуулар аныкталган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Нарын облустук башкармалыгына укуктук баа берүү үчүн төмөнкүлөр жиберилди:

- Нарын райондук өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн акча каражатына Кара-Кужур айыл өкмөтүндө (азыркы Миң-Булак) “Аяз-Трейд” ЖЧКсы тарабынан сатып алуулар боюнча веб-порталда көрсөтүлгөн техникалык мүнөздөмөгө дал келбеген Мотору 2.2 CDI микроавтобусу алынып келингендиги (2,7 CDIнин ордуна 2,2 CDI алынган) боюнча;

- Кара-Кужур айыл өкмөтүндө (азыркы Миң-Булак айыл өкмөтү) жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсебинде АРИС тарабынан алынган 5 чабан үйү, 5 кыркын агрегаты, 1 электр энергиясын чыгарып берүүчү генератор жок болгондугу боюнча;

- Миң-Булак айыл өкмөтүндө 2021-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгынын отчету жана подрядчы “Жалгыз Жаңгак” ЖЧК тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен “Миң–Булак айыл өкмөтүнүн имаратына 169,2 миң сомго темир тосмо орнотуу жумуштары” боюнча аткарылган иштеринин актысы тапшырылбагандыгы; подрядчы “СК Навигатор” ЖЧК тарабынан Миң-Булак айыл өкмөтүнүн Өрнөк айылына ТТСтин 1495,0 миң сомдук курулуш жумуштары боюнча аткарылган иштеринин актысы тапшырылбагандыгы боюнча.

- Учкун айыл өкмөтүндө подрядчы “Элитремстрой сервис” ЖЧК тарабынан Куланак айылында А. Аралбаев атындагы орто мектебинин жылытуу системасын оңдоп-түзөө жумуштары боюнча аткарылган иштеринин актысы тапшырылбагандыгы жана подрядчы тарабынан жумуштар белгиленген мөөнөттө аткарылбагандыгы боюнча;

- Орток айыл өкмөтүндө (азыркы Дөбөлү) подрядчы “Агым” ЖЧК тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен “Орток айыл өкмөтүнүн Эки-Нарын айылынын ички жолдорун ремонттоодо” 268,7 миң сомго көтөрмөлөнгөн курулуш-монтаж иштеринин көлөмү боюнча.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча КР президентинин Нарын облусундагы өкүлүнө, райондук мамлекеттик администрация башчысына, айылдык кеңештин төрагаларына - отчет; аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканаларга аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар, сунуштар жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий