• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Нарында 46 жаштагы эркекти зордуктагандар ээн-эркин жүрөт". Жабырлануучунун жакындары башкы прокурордон жардам суроодо

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Нарын шаарында 46 жаштагы М.Ж. аттуу эркек кишини төрт кошунасы (эркектер) зордуктаганын жана бул боюнча кылмыш иши козголбой жатканын айтып "Кабар" агенттигине жабырлануучунун жакындары кайрылды.

Жабырлануучунун бир тууганы Жыпаргүл Жаныбаеванын айтымында, 2021-жылдын 16-ноябрында кечки саат 19:00дөр чамасында А.С., Т.С., Б.У. жана А.М. жабырлануучунун үйүнө кирип, ага күч колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерин жасаган.

"18-ноябрда жазылган арыздын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталып, анын үйүндө тинтүү иши жүргөн. Далил буюмдар дагы алынган. Шектүүлөрдү түздөн-түз көрсөткөнүбүзгө карабай аларды кармабай, тескерисинче, бизди шылдыңдоого алды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анда жоон ичеги жабыркагандыгы тууралуу корутунду чыккан. Мындан сырткары, биологиялык экспертизанын дагы ошондой жыйынтыгы чыкканына карабай Нарын шаардык милициясынын тергөөчүлөрү тарабынан бут тозуулар жана шектүүлөрдү коргоо иши жүрүүдө. Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып ишти козгобой жатат. Бул аракеттер адамдар тобу тарабынан жасалгандыктан Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелинет жана арыз түшкөн күндөн кийин шектүүлөр кармалууга тийиш эле. Арадан беш ай өткөнүнө карабастан алар ээн-эркин басып жүрүшөт", - дейт ал.

Жаныбаева шектүүлөр эркиндигинен пайдаланып ишти танган көрсөтмөлөрдү берип жатканын белгиледи.

“Нарын облустук прокуратурасына дагы кайрылдык. Алар комплексттик экспертизадан өтүш керектигин айтып, Бишкекке баруубузду билдирди. Борбор калаага келгенибизде дагы тергөөчү менен экспертизанын кызматкери бизди “чыгып тургула” деп, өздөрүнчө сүйлөшүп туруп алды. Ал экспертизанын жыйынтыгы ушул күнгө чейин белгисиз. Иш таза болбой жатат”, - деп айтат жабырлануучунун тууганы.

Жабырлануучу М.Ж.нын жакындары шектүлөргө карата мыйзам чегинде чара көрүү жана айрым кызматкерлерге карата кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдон жардам суроодо.

Ал эми “Кабар” агенттигине Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин 1-бөлүгү (“Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери”) менен кылмыш иши козголгон.

“Учурда иш боюнча материалдар комиссиялык соттук-медициналык экспертиза өткөрүүгө Бишкекке жөнөтүлдү. Андан кийин комплексттик экспертиза дайындалат. Тергөө иштери уланууда”, - деп кошумчалашты облустук милициянын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий