• 88.68
  • 95
  • 0.95

Орунтаев Ысык-Көлдө курулуп жаткан соцобъектилердин абалы менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусунда жүрөт. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө Орунтаев курулуш иштери жүрүп жаткан жана курулуп бүткөн мектептердин абалынан кабар алды.

Андан тышкары, заводдордун жана социалдык объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышып, ага башкармалыктардын тийиштүү кызматкерлерине бир нече тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий