• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында 2 миңге жакын бадам көчөттөрү отургузулду

Аймак 0


Бишкек, 09.04.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын “Жибек Жолу” муниципалдык аймактык башкармалыгында 2 миңге жакын бадам көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бадам отургузууга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, мекеме-ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты.

Аталган иш-чара Ош шаарынын мэриясы, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан шаардын аймагын жашылдандыруу, экологиялык абалын жакшыртуу, жер кыртышын чыңдоо максатында ишке ашырылды.

Белгилей кетсек, байыркы убакта Ош шаары бадам өрөөнү болуп саналган.

Пикир

Оставить комментарий