• 88.68
  • 95
  • 0.95

Транспорт министрлиги талкууга алынган Ача-Кайыңды – Май-Босого жолу боюнча түшүндүрмө берди

Аймак 0


Бишкек, 09.04.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги социалдык тармакта талкууга алынган Нарын облусундагы Ача-Кайыңды – Май-Босого унаа жолу боюнча түшүндүрмө берди.

Белгилей кетсек, учурда интернетте аталган унаа жолго төшөлгөн асфальттын сапаты начар экендиги жана ал талкаланып калгандыгы түшүрүлгөн видео талкууга алынууда.

Ведомствонун маалыматына таянсак, тасмадагы жол тилкеси Ача-Кайыңды – Май-Босого унаа жолунун 2-4-чакырымдар аралыгындагы участок.

Аталган унаа жол 2020-жылы капиталдык салымдар беренесинин эсебинен оңдолуп, “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №957 Жол тейлөө мекемеси тарабынан асфальтталган (2-4-чакырымдар аралыгы).

2024-жылы жаздын келиши менен 2+280-2+780-чакырымдар аралыгында беш жерден жол үстүнөн жаракалар (пучина-саркынды суулардын жер астына топтолуусунан улам) чыккан.

Тактап айтканда:

  • 2+280-чакырымында узундугу – 11 метр,
  • 2+320-чакырымында – 140 метр,
  • 2+560-чакырымында – 50 метр,
  • 2+680 – 54 метр, 2+780-чакырымында – 50 метр.

Жалпысы 305 метр же 2440 м2 метр жаракалар аныкталып, акт түзүлдү.

"Бүгүнкү күндө оңдоо планында каралган акча каражатынын эсебинен саркынды суу топтолгон бөлүктү тез аранын ичинде калыбына келтирүү иштерине даярдыктар көрүлүүдө", - деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, 2022-жылы Ача-Кайыңды — Май-Босого унаа жолунун 8 чакырымына асфальт төшөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий