• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында "Агро Экспо — 2023" жарманкеси өтүп жатат. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Бүгүн С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар жана климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу” деген темада "Агро Экспо — 2023" жарманкеси ачылып, ага дыйкандар жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, үрөндөрдү, жаңы технологияларды жана кызмат көрсөтүүчүлөрдү өндүрүүчүлөр катышып жатат.

Иш-чаранын ачылышына президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, “ТЭС-центр” коомдук фондунун уюштуруу тобунун жетекчиси Бактыгүл Сатыкулова, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстан жана Россиянын айыл чарба тармагынын өкүлдөрү катышты.

"Агро Экспо—2023" иш-чарасында төмөндөгү продукциялар бир аянчага топтолот:

● айыл чарбасындагы ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар;
● айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү;
● өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жана жер семирткичтер;
● асыл тукум мал чарбасы;
● мал чарбасын өнүктүрүү үчүн продукциялар;
● көчөттөр жана башка жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн табийгый товарлары.

Мындан сырткары, акысыз кеңеш берүүлөр жана агросервистер жөнүндө маалыматтар берилет;

● тармактык конференциялар;
● агрономдун кеңеш берүү аянты;
● мал чарба боюнча эксперттин кеңеш берүү аянты;
● балчылык боюнча эксперттин кеңеш берүү аянты;
● айыл чарба тармагында кирешени көбөйтүүчү кызматтар;
● Финансы жана инвестициялык кызматтар жөнүндө маалыматтар берилет.
Жарманке 2-3-март күндөрү өтөт.

Пикир

Оставить комментарий