• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында кыргыз милициясынын күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 01.11.23./Кабар/. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында кыргыз милициясынын кесиптик күнүнө карата салтанаттуу майрамдык иш-чара өттү.

Салтанатка Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов, күч түзүмдөрүнүн, мыйзам чыгаруу, сот жана аткаруу бийлигинин жетекчилери катышты.

Шаар мэри ички иштер кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон салымын белгилеп, жумушунда өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди Ош шаарынын мэриясынын ардак грамотасы менен сыйлады.

Мындан сырткары, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 150 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырды.

Ал эми шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги үлгүлүү кызматы жана күжүрмөн эмгеги үчүн бир катар мыкты милиция кызматкерлерине орден жана наамдарды тапшырды.

Ошондой эле бир катар күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө концерттик программа тартууланды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1924-жылдын 1-ноябрында кыргыз милициясы түзүлгөн. Быйылкы жылы ички иштер кызматкерлери 99 жылдык кесиптик майрамын белгилешүүдө.

Пикир

Оставить комментарий