• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ошто балдар үчүн мэрдин жаңы жылдык балатысы өттү (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 25.12.17. /Кабар/. Бүгүн, 25-декабрда Оштогу “Келечек” чыгармачылык балдар борборунда “Мэрдин балатысы” болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Алтын балаты ”деген аталыштагы оюн-зоок программасына шаардын мектеп-интернаттарынан , балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунан, балдар үйлөрүнөн жана билим берүү мекемелеринен, аз камсыз болгон үй бүлөлөрндүн балдарынан 200гө жакын бала катышты.

Балдарды шаар мэри Айтмамат Кадырбаев келе жаткан жаңы жыл майрамыдары менен куттуктап, белектерин тапшырды.

“Бул күндөрдү бүткүл дүйнө жүзүнүн эли, алардын катарында силерге окшогон бөбөктөр чыдамсыздык менен күтүп келет. Жыл ичинде жакшы окуп, ийгиликтерге жетишип кубансак, кемчилдиктерди кайталабоого аракеттенебиз. Билим алгыла, тартиптүү болгула, ал эми биз ар убак балдарыбыздын бактысы, келечеги үчүн камкордук көрүп, силер үчүн ббарына даярбыз”,- деди А.Кадырбаев.

Иш-чаранын алкагында балдарга шаңдуу майрамдык концер тартууланып, жомок каармандары менен биргеликте балатыны айланып бийлешти.

Пикир

Оставить комментарий