• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто жүзүн таануу камерасы аркылуу издөөдө жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Ош шаарында бейбаштыкка шектелип издөөдө жүргөн А.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча издөөгө жарыяланган.

"Ош облусунун тургуну А. А. коомдук жайларда орнотулган жүзүн таануу функциясы бар сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармады. Видеобайкоо камералары аны издөөдө жүргөн адам катары тастыктаган, ал кылмышка шектүү болуп, бирок качып жургөн", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ага карата 2021-жылы Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий