• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 09.04.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев КРнын Жогорку Кеңешинин бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыктар боюнча штабдык жыйынын өткөрдү.

Жыйынга Ош шаарындагы мамлекеттик мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, билим берүү, саламаттыкты сактоо, прокуратура, Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү жана жетекчилери катышты.

Негизги маселе катары 28-апрелде өтүүчү шайлоону уюштурууда коопсуздукту камсыздоо, мыйзам бузууларга жол бербөө, майыптыгы бар шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусуна, ошондой эле шайлоо участкасында өзгөчө шарттарды түзүүгө муктаж болгондорго ар тараптуу жардам көрсөтүү боюнча айтылды.

Мэрдин биринчи орун басары Марс Исаев шайлоону мыйзам талабына ылайык өткөрүү зарылдыгын билдирип, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу, жарандарга шайлоого тийиштүү шарттарды түзүп берүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий