• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Ошто стол тенниси боюнча республикалык чемпионат өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 21.10.23. /Кабар/. Кечээ, 20-октябрда Ош шаарында эркектер жана аялдар арасында стол тенниси боюнча Кыргызстандын чемпионатына старт берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Мелдештин ачылышына Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, машыктыруучулар, спортчулар, күйөрмандар катышты.

20-21-октябрда өтө турган чемпионатка өлкөнүн бардык аймактарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 100дөн ашык курама командалары катышып, күч сынашат.

Жеңүүчү деп аталган командалар дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышат.

Стол тенниси боюнча республикалык чемпионат Ош шаарында алгачкы жолу өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий