• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыктар талкууланды

Аймак 0

Бишек, 02.04.24. /Кабар/. Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Жыйынга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азатбек Кубатбек уулу, Борбордук шайлоо комиссиясынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча мүчөсү Узарбек Жылкыбаев, аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында шайлоочулардын шайлоо процессине катышуусу негизги артыкчылыктуу багыттардын бири экени, ошол эле учурда мамлекеттик кызматкерлер шайлоону өткөрүүгө кийлигишпөөсү керектиги баса белгиленди.

Ошондой эле шайлоону уюштуруу иштери боюнча маалымат берилип, шайлоо комиссияларына өз убагында жардам көрсөтүү, майыптыгы бар жарандар үчүн тийиштүү шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзам бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча маселелер талкууланып, уюштуруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Белгилей кетсек, №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 17 талапкер катталган. Учурда Ош шаарындагы 55 шайлоо участкасында 125 миңден ашуун шайлоочу катталды.

Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үстүбүздөгү жылдын 28-апрелине дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий