• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттик шайлоонун байкоочулары биринчи отчетун беришти

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 04.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук уюму президенттик шайлоого даярдыктарды узак мөөнөттүү байкоонун алгачкы алдын ала жыйынтыгын сунуштады.

Коалициянын президенти Азамат Адилов билдиргендей, уюм КР президентин шайлоо кампаниясына узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнү 2017-жылдын 1-сентябрында баштаган. Мониторингди республиканын бардык аймактарынан 60 көз карандысыз узак мөөнөттүү байкоочу ишке ашырды.

“Байкоолор тынчсызданууларды жараткан айрым тенденциялар бар экенин көрсөттү. Алар “кара пиар” колдонуу, кээ бир мыйзам бузуулар менен коштолуп жаткан президенттикке талапкерлердин үгүт кампаниялары менен байланыштуу. Үгүт иштеринин жүрүшүндө талапкерлер сунушталган платформаларга эмес, субъективдүү жеке сапаттарына басым жасашууда. Бул шайлоочунун акыркы тандоосуна таасирин тийгизет”, - деп билдирди Адилов.

Ошондой эле, ал жалпысанан шайлоо комиссиялары мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдү карманып жатышканын айтты. Шайлоо комиссияларынын иши байкоолор үчүн ачык жана айкын. Бирок айрым аспектилери мындан аркы жакшыртууларга муктаж.

“Талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү сынагынан өтүүлөрү байкоолорго жеткиликтүү болгон эмес. Ал эми талапкерлерди колдоо баракчаларын топтоо процессин азын оолак гана байкоого мүмкүн болду”, - деп түшүндүрдү Адилов.

Жогоруда белгиленген фактылар, коалициянын мүчөлөрүнүн маалыматы боюнча, 1-24-сентябрь аралыгында мезгилди камтып, уюмдун биринчи отчетуна кирет. Жалпысынан коалиция узак мөөнөттүү байкоолордун жыйынтыгы боюнча беш отчет даярдайт. Алардын бардыгы www.coalition.kg расмий сайтында жеткиликтүү болот.

Пикир

Оставить комментарий