• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президенттин тапшырмасы менен облус башчылары, Бишкек жана Оштун мэрлери эл менен жолугушууларды өткөрөт

Президент 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекет башчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуулар өлкө жарандарынын жер-жерлердеги курч көйгөйлөрүн ыкчам кароо, орун алган маселелерди жеринде чечүү максатында өтөт.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө көтөрүлгөн бардык маселелердин чечилишин контролдоо президенттин аминистрациясы тарабынан жүргүзүлөт.

Иш-чаралар бекитилген графикке ылайык өткөрүлөт.

"КР президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин жолугушууларына бардык кыргызстандыктарды активдүү катышууга чакырабыз",- деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуунун графиги тиркелет.

Пикир

Оставить комментарий