• 88.68
  • 95
  • 0.95

Россиядагы элчилик тарабынан март айында КР жарандарына 470 ID-паспорт берилген

Коом 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан 2022-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейинки аралыкта Кыргызстандын жарандарына 470 ID-паспорт берилген. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул аралыкта элчилик КР жарандарын документтештирүү маселеси боюнча 10 миңге жакын консулдук иш-чараларды жүргүзгөн. Анын ичинен:

- жарандык (чет элдик) паспортторду даярдоо үчүн анкеталарды тариздөө – 1 882;

- ID-паспортторду даярдоо үчүн бланктарды каттоо – 735;

- КРнын айдоочулук күбөлүктөрүн даярдоо үчүн анкеталарды тариздөө – 277;

- жалпы жарандык (чет элдик) паспортторду берүү – 991;

- ID-паспортторду берүү – 470;

- КРнын айдоочулук күбөлүктөрүн берүү – 290;

- мекенге кайтууга күбөлүк берүү – 1 297;

- консулдук каттоо / каттоодон чыгаруу – 1 794;

- ПИН дайындоо / оңдоо – 1 022;

- документтерди суратып алуу – 850;

- жаңы төрөлгөн балдарга улуттук каада-салт боюнча фамилия ыйгаруу, калктуу конуштардын атын өзгөртүү жөнүндө күбөлүктөрдү берүү – 263;

- КРнын жарандыгына таандыктыгын орнотуу – 36;

- нотариалдык иш-аракеттер – 77;

- жарандык абалдын актыларын каттоо жана күбөлүк берүү – 7.

Пикир

Оставить комментарий