• 88.68
  • 95
  • 0.95

Путин Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүн таануу сунушун колдоду

Коом 0

Бишкек, 6-июль /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн аймагында Кыргызстандын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрүн таануу сунушун расмий колдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Мындай идея Мамдуманын КМШ иштери боюнча комитети тарабынан сунушталып, 5-июлда парламент тиешелүү кайрылууну президентке жөнөткөн. Анда Кыргызстандан барып айдоочу болуп иштегендерге Беларустун айдоочуларына берилгендей укук берүү сунушталган. Эгер бул сунуш кабыл алынса, анда кыргызстандыктар Россияда (орус тилинде) сынактарды тапшырбастан эле мекенинде алган документтер менен айдоочу болуп иштөө укугуна ээ болушат.

Быйыл 1-июндан тарта «орус тилин тийиштүү деңгээлде билишпейт» деген жүйө менен кыргызстандыктардын Россияда ал өлкөнүн айдоочулук күбөлүгүсүз жүк унааларды, автобустарды жана таксилерди айдоосуна тыюу салынган.

Песковдун айтымында, Россия лидери Кыргызстанда орус тили расмий статуска ээ экенин эске алып, бул сунушту колдоду.

2015-жылы августта Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуп, өлкө жарандарына Россияда иштөө үчүн уруксат кагаздары талап кылынбай калган. Антсе да Россиянын айрым аймактарында Кыргызстандан барган мигранттардын орусиялык айдоочулук күбөлүктөрү менен да айдоочу болуп иштөөсүнө тыюу салынып келет.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий