• 88.68
  • 95
  • 0.95

Путин Россиянын президенттигине талапкер катары катталды

Дүйнө 0

Бишкек, 29.01.24. /Кабар/. Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Владимир Путинди президенттикке талапкер катары каттоого алды. Бул тууралуу ТАСС жазды.

Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Путин бешинчи жолу президент болууга укуктуу.

Путин шайлоого өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катышат. Каттоодон өтүү үчүн ал россиялыктардын кеминде үч жүз миң колун чогултушу керек болчу.

Путинге чейин "Новые люди" партиясынан Владислав Даванков, Россия Федерациясынын Коммунисттик партиясынан Николай Харитонов жана Либерал-демократиялык партиясынан Леонид Слуцкий талапкер болуп катталган. Алардын партиялары Мамлекеттик Думада болгондуктан, кол топтоо талап кылынбайт. Жалпысынан президенттикке 11 талапкер ат салышууда, кол топтоо 31-январда аяктайт.

Россияда президенттик шайлоо 2024-жылдын 15-мартынан 17-мартына чейин өтөт.

Пикир

Оставить комментарий