• 88.68
  • 95
  • 0.95

Рахматулла Эгембердиев “Ыйман” фондунун директору болуп шайланды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Рахматулла Эгембердиев “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун директору болуп шайланды. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду” коомдук фондунун байкоочу кеңеши кабыл алган чечимге ылайык, Самаган Мырзаибраимов фонддун төрагалык кызматынан бошотулуп, анын ордуна Эгембердиев Рахматулла Сайдиманович дайындалды.

Белгилей кетсек, Рахматулла Эгембердиев 2012-жылдын декабрынан 2013-жылдын январына чейин Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Пикир

Оставить комментарий