• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Россияга караганда Кореяда жумуш шарттары жакшыраак - Кореяда иштеген кыргызстандыктын пикири

Коом 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. Кореяда иштөө жана жашоо шарттары Россияга караганда жакшыраак. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Кореяда 3 жыл иштеген Мелисбек Арын уулу айтып берди.

Анын айтымында, ал Кореяда 3 жыл иштеп, ал жакка кайра барып иштөөгө мүмкүндүк алган.

"Жумуш бергендер баардык шарттарды түзүп берет. Корейлер тарабынан кысымга алуу болгон жок. Менимче, алар бизге жакшы шарттарды түзүүдө. Кореядагы жумуш шарттары Россияга караганда жакшы деп айта алам. Анткени, Россияда да 4 жыл иштегем. Кореяда укуктарды коргоо жана баардык керектиктер келишимде жазылган. Мен Кореяга жумушка орношуу боюнча программаны досторумдан угуп, жазылгам", - деди ал.

Ал, кыргыз тилине окшош болгондуктан корей тилин бат эле - эки айда үйрөнүп алганын айтат.

"2012-жылы сынакты жакшы тапшырып, 2013-жылы келишим түздүм. Кореянын Почон шаарына барып, эмерек чогулткан ишканага кирдим. Ал жерде 3 жыл иштедим. Анда эң аз маяна 1 миң доллар болчу. Саат сегизден кечки алтыга чейин иштечүбүз. Кошумча жумуш алсаң, маселен 2-3 саатка иштегенге калсаң кошумча акча төлөп беришет. Мен ошентип иштеп, 1 миң 500 доллар алчумун", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий