• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Румыния Кыргызстан менен экономикалык тармакта кызматташууга кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 13.05.19. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 13-майында Бишкекте КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Румыниянын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Михай Дарабан менен жолугушуусу болду.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга Румыниянын экс-Тышкы иштер министри Лазар Команеску, Румыниянын Соода-өнөр жай палатасынын башкы катчысы Теодор Караманян жана Румыниянын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Чезар Армеяну катышкан.

"Чыңгыз Айдарбеков КРнын ЕБ менен кызматташтыгы туурасында, Борбор Азиядагы регионалдык кызматташуу жөнүндө румын тарабына кыскача маалымдады", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин бардык комплексин мындан ары интенсификациялоо ниетин билдирип, бизнес-форумдарды уюштуруу жолу менен эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү зарылчылыгын белгилешти.

Румыниянын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Кыргызстан менен экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыгуусун билдирди.

Пикир

Оставить комментарий