• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талас шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды

Аймак 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 12-февралда "Ихсан-Хайрия" кайрымдуулук фондунун колдоосу менен Талас обулусунда, анын ичинде Талас шаарында 78 үй-бүлөгө (облус боюнча 500 үй-бүлөгө) ун жана азык-түлүк баштыктары таратылды.

Талас мэриясынан билдиришкендей, азык-түлүктөр көп балалуу, аз камсыз болгон, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө таратылды.

Талас шаарынын мэриясы "Ихсан-Хайрия" кайрымдуулук фондуна, "Ихсан-Хайрия" коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчилигине кайрымдуулук колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Талас облусу боюнча 12 миң 300, анын ичинде Талас шаарында 2 миң 228 аз камсыз үй-бүлө бар.

Пикир

Оставить комментарий