• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Таласта жашы жете элек жетим кыздын мураска болгон укугу калыбына келтирилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Таласта жашы жете элек жетим кыздын мураска болгон укугу калыбына келтирилди.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 2023-жылдын 23-январында З.К. аттуу жаран “Кадастрдын” кызматкери менен мыйзам талабын бузуп, Ч.О. аттуу жарандын ооруканада оор дарт менен жаткан жеринен пайдаланып, белекке берүү жөнүндөгү келишимге кол койдуруп алышкан.

Арадан 2 күн өтүп, Ч.О. ооруканада каза тапкан. Натыйжада маркумдун батирин З.К.га каттап, ээлеп алышкан.

Прокуратурадан белгилешкендей, муну менен маркумдун жалгыз, жашы жете элек кызы мурасынан, тактап атйканда, батиринен ажырап калган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында шаардык прокуратуранын келтирген прокурордук актысы менен маркум Ч.О. менен З.К. ортосундагы белекке берүү жөнүндөгү келишим жокко чыгарылып, жооптуу кызматкер тартиптик чарага тартылды.

Ата-энесинен ажыраган жашы жете элек жетим кыздын мураска - батирге болгон укугу толук калыбына келтирилди.

Пикир

Оставить комментарий