• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Тажикстан Москвадан 182 жаранын алып келди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. 25-мартка караган түнү Тажикстандын 182 жараны «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын учагы менен Москвадан Куляб шаарына учуп келишти. Алардын бардыгы 14 күндүк карантинге алынат.

Куляб райондук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Садриддин Гаюровдун айтымында, Москвадан келген 151 киши Бохтар шаарына жеткирилген.

«Калган 31 жүргүнчү Куляб шаардык инфекциялык ооруканасына жаткырылды. Текшерүү маалында алардын 18инин дене табы жогору болгон. Экинчи жолку текшерүүдө абалдары туруктуу экени белгилүү болду», — деди Гаюров.

Буга чейин Тажикстандын Москвадагы жарандары каттамдардын токтотулганына байланыштуу бир нече суткадан бери аэропорттордо жашап жатышканын айтышкан.

Тажикстандын жарандык авиация агенттиги аэропорттордо калган жарандар алынып келерин билдирип, бул маселени чечүү өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) жүктөлгөнүн кабарлаган.

ТИМ ушу тапта калган тажикстандык жарандарды мекенине кайтаруу үчүн «Сомон Эйр», «Тажик Эйр» жана Fly Dubai авиакомпанияларынын учактары менен бир нече чартердик каттам уюштурулганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий