• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Токмокто 11 жаштагы өгөй кызын зордуктоого шектүү жаран кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Токмокто жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалдыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-августта социалдык коргоо адиси арыз менен шаарда жашы жете элек кыз өгөй атасы, жаран М.С.Т. менен жашап жүргөнүн билдирген. Ал кыздын алсыз абалынан пайдаланып, 2023-жылдын февраль айынан баштап зордуктаган.

Аталган факты Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Зордуктоо" беренесинде каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.

Бул кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган М.С.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Кылмышка шектүү М.С.Т. айып тагылып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган, тергөөнүн жыйынтыгы менен 10-октябрда кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөн.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жашы жете элек кыздын апасы 1990-жылы туулган М.В.В. 2022-жылы рак оорусунан каза болгон, атасы жаран Т.А.Н. 2023-жылы өлтүрүлгөн, буга байланыштуу кыз өгөй атасы менен жашаганы аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий