• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токтогулда 23 жаштагы эркекти өлтүрүүгө шектелип эжеси жана анын жигити кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. Токтогул районунда 23 жаштагы эркектин өлүмүнө шектелип эжеси менен анын жигити кармалды . Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 3-майда саат 9:00 чамаларында Токтогул районунун Чычкан капчыгайынын ичиндеги кафелердин биринин тапчанында денесинде жарааттары бар Токтогул районунун 2000-жылы туулган тургунунун сөөгү табылган.

Окуя болгон жерге Токтогул райондук милициясынын жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу тарабынан кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар топтолгон.

Бул факты Жалал-Абад облустук милициясына каттоого алынып, облустук жана райондук милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан иликтөөиштери жүргүзүлө баштаган. Анын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары Токтогул районунун тургундары 2003-жылы туулган Ж.Б. жана 1991-жылы туулган М.Ж. (аял киши) кармалып, убактулуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Айрым маалыматтарга караганда, маркум кылмышка шектүүлөр жакын мамиледе болуп жүргөнүнө күбө болуп калгандан кийин аны өлтүрүп коюшкан.

Пикир

Оставить комментарий