• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тоолорго кар жаайт. 2-апрелге карата аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2-апрелде күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын күндүзгү температурасы Чүй облусунда 14…19, Таласта 12…17 градус болот. Ысык-Көл облусунда күндүз 8…13 градус жана Нарын 10…15 градуска чейин жылуу болушу ыктымал.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз 17…22 градус ысыйт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы ткүндүз 17…19 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий