• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: "Баткен-Комфорт" базарында өзгөчө ири өлчөмдө мыйзам бузуулар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. "Баткен-Комфорт" базарында өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз жыйымдар, курулуш нормаларын бузуу жана салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК соода базарлары тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузууларды аныктоо, ошондой эле ишкердиктин субъектерине жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, “Баткен-Комфорт” (“Реконс” ЖЧКсы) курулуш материалдары базарында соода жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзбөстөн ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуу, соода жайларын ижарага берүү баасын негизсиз жогорулатуу, өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталды. Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, ар бир ижарачыдан күзөт кызматына деп алдап ай сайын 500 сомдон 2000 сомго чейин мыйзамсыз акча чогулкан базардын жетекчилери менен эсепчи-кассири кармалды. Чогулган акчалар жылына 3 миллион сомдон ашык сомду түзөт.

Ошол эле учурда ижара келишимдеринин шарттарына ылайык, коопсуздук кызматтары ижара төлөмдөрүнүн наркына киргизилген. Бул кылмыштуу аракеттери менен базар жетекчилиги салыктарды төлөөдөн качкан, ошондой эле ижарачылардан өндүрүлгөн каражаттарды мыйзамсыз өздөштүрүп, соодагерлерге жана базардын кызматкерлерине тиешелүү ыңгайлуу шарттарды түзүп берген эмес. Мындан тышкары, 2023-жылдын август айында базар жетекчилиги ижара баасын 33% га жогорулаткан.

Ошондой эле, архитектуралык-курулуш нормаларын бузуу жана соода жайларын мыйзамсыз жайгаштыруу фактылары аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 2023-жылдын 9-декабрында төмөндөгүлөр кармалып, Бишкек шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

1. 1963-жылы туулган Ш.М.А., “Реконс” ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары.

2. 1977-жылы туулган Т.Б.Б., “Реконс” ЖЧКсынын башкы директору.

3. 1958-жылы туулган С.О.Н., “Реконс” ЖЧКсынын кассир-бухгалтери.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул “Баткен-Комфорт” базарынын иш жүзүндөгү ээси Жогорку Кеңештин 4 чакырылышынын депутаты, КР мурдагы биринчи вице-премьер-министри Шадиев Аскарбек Алимбаевич.

УКМК соода базарлары тарабынан КР салык мыйзамдарын бузууга жол берилбестигин, ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн мыйзамсыз тоскоолдуктарды жана туура эмес шарттарды түзгөн ар кандай фактыларды түзүүгө жол берилбестигин, эгерде аныкталса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

Пикир

Оставить комментарий