• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Интернет аркылуу аймактар аралык кастыкты козуткан адам аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Интернет аркылуу аймактар аралык кастыкты козуткан адам аныкталды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 25-мартында УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районундагы Бает айылынын 1981- жылкы Карагулов Мирлан Казыбекович аттуу тургуну аныкталган.

"Карагулов facebook социалдык тармагында аймактар аралык кастыкты козутуучу чагымчыл пост жайгаштырган. Аталган факты боюнча сотко чейинки териштирүүнүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүмү (рассалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө жана тергөө уланып жатат.

УКМК эскертет, аймактар аралык кастыкты козутуучу мындай мүнөздөгү чагымчыл жана башка маалыматтарды жайылткандар үчүн КР мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Пикир

Оставить комментарий