• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

“Укук кербени” сапары Алай районунда болду

Аймак 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. «Укук Кербени» долбоорунун алкагында КР Акыйкатчысынын орун басары А.Колопов жетекчилик кылган топ 20-октябрда Ош облусунун Алай районунун тургундары менен жолугушту.Бул тууралуу Акыйкатчынын катчылыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда орун басар А.Колопов «Укук кербени» долбоорунун максаты жөнүндө, ошондой эле КР Акыйкатчысынын ыйгарым укуктары тууралуу кеңири маалымат берди. Жарандардын Акыйкатчыга кайрылуу тартиби, бузулган укук жана эркиндикти коргоо механизмдери тууралуу сөз болду.

Акыйкатчынынын ишмердигинин багыттары, адам укуктарын коргоодо мамлекеттик органдар жана укук коргоо органдары менен иштөөдөгү механизмдери жөнүндө кеңири түшүнүк берилди.

Жолугушуудан кийин, Акыйкатчынын өкүлдөрү Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына мониторинг жүргүзүү учурунда ал жердеги 4 камера каралып чыкты, мониторинг учурунда УКЖда кармалган адамдар болгон эмес. Алай райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайы стандартка жооп берет.

2021-жылдын 9 айында аталган убактылуу кармоочу жайда баардыгы 11 жаран айыпкер катары кармалган. Аялдар жана жаш балдар УКЖда кармалган эмес.

“Укук кербени” долбоорунун катышуучулары тарабынан ошондой эле райондук ооруканага мониторинг жүргүзүлдү. Райондук ооруканага мониторинг жүргүзүү убагында 2021-жылдын 9 айында жана бүгүнкү күнгө карата балдар бөлүмүндө 525 бала дарылангандыгы аныкталды. Дарыланып жаткан жарандар менен жекече сүйлөшүүдө мамлекеттик кепилденген программалар тууралуу сөз болду.

Алай районунун Гүлчө айылында жайгашкан №92843 Аскер бөлүгүнө мониторинг жүргүзүү учурунда жоокерлер менен, офицерлердин катышуусусуз жолугушуп сүйлөшүлдү. Сүйлөшүүдө офицерлер тараптан эч кандай кысым болбогондугун билдиришкен. Ошондой эле кыйноо фактыларынын жоктугуна токтолушту, себеби бардыгы бир чакырыктан болгондуктан бири-бирине кысым көрсөтө алышпагандыгын билдирди. Ошондой эле жоокерлердин айлык маяналары жеке карточкаларына чегерилип, ар бир жоокер банктын банкоматы аркылуу өздөрү алыша тургандыгы аныкталды.

Жоокерлер ата-энелери, жакын туугандары менен жума сайын уюлдук телефон аркылуу байланышып турушат. Ата-энелери аскер бөлүгүнө келген учурда командир тарабынан бир күнгө аскер бөлүгүнөн сыртта чогуу болууга уруксат берилет. Андан сырткары, аскер бөлүктүн командиринин ыйгарым укугуна ылайык, жоокерге сыйлоо катары жылына бир жолу 10 күнгө өргүү бере алат. Мониторинг учурунда ар бир жоокер менен укуктары жана эркиндиктерини сакталышы боюнча маектешүү жүргүзүлдү.

КР Акыйкатчысынын борбордук аппаратынын жана Акыйкатчынын Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринен турган топ, Алай районунун Гүлчө айылынын аймагында жайгашкан №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы мектеп-интернатында болду. Мектепте бүгүнкү күндө 342 окуучу билим алат. Анын ичинен 167 окуучу мектеп-интернатынын жатаканасында жатып окушат, калган окуучулар үйлөрүнө барып келип окушат. Жатып окуган окуучулардын күнүмдүк тамагына 60 сом бөлүнөт. Бул азыркы базар экономикасынын шартында өтө аз болуп саналат. Ошондой эле техникалык кызматкерлердин айлыгы күнүмдүк жашоо турмушуна жетпейт, өтө эле аз экендигин айтышты. Мисалы бир айлык акысы 3 750 сомду түзөт.

“Укук кербени” долбоорунун катышуучуларын бардык иш чараларда Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Ш.Жапанов жана бөлүм башчы Ө.Маманов коштоп жүрүштү.

Эске салсак, «Укук кербени» долбоорун ишке ашыруу Европа биримдиги жана Германия экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) кошо каржылануучу “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү, 2 фаза” программасы тарабынан колдоого алынган.

Пикир

Оставить комментарий