• 88.68
  • 95
  • 0.95

УТРК: жаңылануу жолунда

Коом 0

Бишкек, 31.08.23./Кабар/. Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жаңы телесезонду бир нече жаңылануу менен баштап жатат. Мекеменин тутумундагы бардык телеканалдын эн белгилери(логотип) кайрадан жасалгаланды. Улуттук каналда көрсөтүүнүн сапаты жакшырып, HD форматка өттү.

Телерадиоберүү корпорация “улуттук” деген макам алгандан кийин мекеменин өздүк белгилерин иштеп чыгуу маселеси жаралган. Мындан улам жаңы эн белгилер даярдалды. Анда заманбап дизайндын элементтери колдонулду. Жөнөкөй, ошол эле учурда көзгө жагымдуу түстөр пайдаланылды.

УТРКнын тутумундагы алты телеканал менен бирге эле жакында эле анын курамына өткөн жети облустук каналдын эн белгилери да алмашты. Бардыгы бир кылка окшош жасалгага өттү. Бул өз кезегинде көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу болот деген ишеничтебиз.

Эн белгилердин алмашкандыгына байланыштуу көчмө студиялардын, автоунаалардын жасалгасы өзгөрдү. Кызматкерлер үчүн атайын формалар тигилип, мекеменин бренд китепчеси, калем, дептер, желеги жана башка символ түшүрүлгөн материалдары дайындалды.

Ошондой эле дагы бир маанилүү жагдай, Улуттук телерадиоберүү корпорациясы техникалык модернизацияны баштады. Улуттук биринчи канал HD форматында обого чыгып жатат. Көп жылдан бери көрүүчүлөрдүн күткөнү да ушул эле. Анткени санарип доордо көрсөтүүнүн сапаты өтө маанилүү. Көрөрман тартуу, кармап калуу үчүн бул жаңылануу зарыл болуп турган.

Андан тышкары бир нече эфирдик студиялар жаңыдан жасалгаланып жатат. Маселен Ала-Тоо-24 каналынын студиясы баштан аяк өзгөрдү. Саясий, экономикалык, социалдык темаларды талдаган “Ой ордо”, “Биринчи студия” берүүлөрүнүн студиясы дагы толук алмашууда. Бул программалар жаңы телесозондо заманбап жасалга менен обого чыга баштайт.

"Баластан” телеканалынын эфирдик торчосунда мамлекеттик тилдин үлүшүн көбөйтүү маселеси колго алынды. Бул үчүн УТРКнын тапшырыгы менен балдар үчүн атайын анимациялык фильмдер жасалууда. Өспүрүмдөргө арналган контент түзүүдө мындай демилге биринчи жолу болуп жатат.

Корпорациянын расмий сайты толук алмашып, жаңы жасалга менен дайын болду. Сайт аркылуу түз ободо теле эфирди жана радио эфирди көрүп, угууга шарт түзүлдү. Бул айрыкча чет жерде жүргөн биздин мекендештер үчүн өтө ыңгайлуу. Ошондой эле мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Смартфон аркылуу түз эфирди көрүп, угуп, ошондой эле жаңылыктарды окууга болот. Мындан ары УТРК ар бир жарандын кол телефонунда бар. Мунун баары көрөрман, угармандардын санарип талаптарын эске алуу менен аткарылды.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Президенттин Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө атайын жарлыгы чыккан. Аны ишке ашыруунун алкагында кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды. Телекомпанияны техникалык модернизациялоо маселеси баскыч-баскыч менен ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий