• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ызгаардуу суукта Ош облусундагы тийиштүү ишканалар күчөтүлгөн тартипте иштейт

Аймак 0

Бишкек, 10.01.23. /Кабар/. Күтүлүп жаткан ызгаардуу суук аба ырайына байланыштуу Ош облусундагы тийиштүү ишканалар күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ош облустук жарандык коргонуу штабынын кезектеги отуруму өтүп, ага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Жаныкулов, орун басарлары Уристем Манапов, Эрнис Толтоев жана облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери катышты.

Отурумдун күн тартибинде 11-январдан тарта туруксуз аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу даярдык чараларын көрүү маселеси каралды.

Жыйындын жүрүшүндө тийиштүү кызматтарды күчөтүлгөн тартипте иштөө, кооптуу жол участкаларына туз себүү иштери, коомдук тартипти көзөмөлдөө, электр жарыгы менен калкты үзгүлтүксүз камсыз кылуу, көмүр сатуучу социалдык базалардагы көмүрдүн бааларын көзөмөлдөө, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүгүзүү тапшырмалары берилди.

Пикир

Оставить комментарий