• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Өзбекстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 11ге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 11ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн башкы санитардык дарыгери, Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги агенттигинин директору Бахром Алматов билдирди.

Анын айтымында, илдет Дубайдан учуп келген жаранда табылган.

"Ал жарандан аэропорттогу текшерүүдөн эле вирус аныкталган", - дейт Алматов.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда коронавирусту жуктурган алгачкы учур 15-мартта катталган.

Пикир

Оставить комментарий