• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Жалал-Абад мэри Спутник аймактык башкармалыгына барды

Аймак 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 1-мартта Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тийиштүү жетекчилер менен шаардын Спутник аймактык башкармалыгын кыдырды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сапардын жүрүшүндө шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү маселеси, мыйзамсыз курулуштар жана элге ыңгайсыздык жараткан жагдайлар боюнча жетекчилерге жеринде тапшырмалар берилди.

Шаар башчысы айтылган протоколдук тапшырмалар жеке көзөмөлүндө болорун белгилеп, тапшырмаларды мөөнөтүнөн кечиктирбей бүткөрүүнү эскертти.

Пикир

Оставить комментарий