• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүн Жалал-Абад шаарында «Кайырчы» аталышындагы рейд өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү, ЖКККБ, мэрия жана социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Кайырчы» аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында шаар аймагындагы көчө бойлоруна, көпүрөлөргө, жер астынан өтүүчү өтмөктөргө туруп алышып, жол тыгындарын жана жарандарга ыңгайсыздык жараткан 37 лөлү тектүүлөр аныкталды. Анын ичинде 7 жашы жете элек өспүрүмдөр бар.

Алар Жалал-Абад ШИИБдин имаратына алынып келинип, манжа издери алынды. Тактоо учурунда алардын көпчүлүгү Ош облусунун ар кайсы аймагынан келишкендиги белгилүү болду. Рейд учурунда аныкталган лөлү тектүү жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашаган аймактарына жөнөтүлдү.

Жалал-Абад шаарынын аймагында жарандарга карата ыңгайсыздыктарды жоюу боюнча алдыга мындай иш-аракеттер дагы улантылат.

Пикир

Оставить комментарий