• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жеңишбек Молдокматов ала-букалыктарга: Нарындыктар сиздерди Сооронбай Жээнбековду колдоого чакырышты!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.09.17 /Кабар/. “Замандаш” партиясынын теңтөрагасы Жеңишбек Молдокматов Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун жашоочуларын Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоого чакырды. Бул тууралуу ал талапкер Жээнбековдун Ала-Бука районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

“Урматтуу алабукалыктар! Биздин партия жана дагы башка 10дон ашуун саясий партиялар жана 50дөн ашуун коомдук уюмдар Сооронбай Шариповичти президенттик шайлоодо колдоону чечтик. Биз Нарын областынын Жумгал районуна чейин барып келдик, алар биздин талапкерди бир ооздон колдой тургандыктарын айтышты жана башкаларды да буга чакырышты. Мен сиздерге алардын бул аманатын айтып коеюн деп чечтим”, - деп билдирди Жеңиш Молдокматов.

Эмне себептен биз Сооронбай Жээнбековду тандадык - ал эч кандай мыйзамсыз иштерде байкалган эмес. Экинчиден, өз сөзүнө турат жана убадаларын аткарат. Үчүнчүдөн, өзү абдан жөнөкөй жана карапайым элге жакын, деп белгиледи “Замандаштын” теңтөрагасы.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш.Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 15.09.2017-ж.

Пикир

Оставить комментарий