• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жети-Өгүз районунун Дархан айылында эки социалдык объект ачылды

Аймак 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Жети-Өгүз районунун Дархан айылында эки социалдык объект ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Дархан айылында Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратынын жана ондоп-түзөөдөн өткөн балдар бакчасынын ачылыш аземи өттү. Салтанатка Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун директорунун орун басары Ж.Апсеметов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Б.Кулукееванын айтымында, медициналык имараттын жоктугуна байланыштуу буга чейин айыл өкмөтүнүн эски имаратында иштеп келишкен. Бөлмөлөрдүн тартыштыгы, суу чыкпагандыгы, толук кандуу шарттардын жоктугу көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Жаңы имараттын салынышы бул көйгөйлөрдү жокко чыгаруу менен 6 миң 700 тургунга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө шарт түздү. Жаңы имараттын курулушуна Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду 11 млн 665 миң сом каражат бөлгөн.

Ошондой эле, бала бакчанын эски имаратын ондоп-түзөөгө Фонд 3 млн 477 миң сом бөлгөн. Бул суммага бала бакчанын ички жана тышкы жасалгасы, жылуулук, электр системаларын жаңылоо, тийиштүү эмеректерди сатып алуу кирген. Буга чейин 50 бала мектептин бир бөлүгүндө тарбияланып келишсе, оңдоодон өткөн бала бакча 120-130 балага чейин кабыл алууда.

Эки имаратта тең Дархан айылынын жашоочулары үчүн бардык заманбап шарттар түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий