• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

200дөн ашык салык кызматкери ишкерлерге консультация берүү боюнча окуудан өттү

Коом 0

Бишкек, 09.04.24. Кабар/. Салык кызматынын 200дөн ашык кызматкери салык кызматтарын көрсөтүү боюнча жана биринчи жолу турак жайларда үй тибиндеги бала бакчаларды ачууну каалаган ишкерлердин консультациясы боюнча окуудан өтүштү.

Мамлекеттик салык кызматынан маалымдашкандай, тренингдин программасы бизнести ачуу боюнча иш-аракеттердин алгоритмине негизделип салыктык каттоодон өтүү, салык режимин тандоо, ставкалар жана жеңилдиктер боюнча бардык этаптарды камтыйт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү демилгеси ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Учурда турак жайларда үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга шарттар түзүлүүдө. Мындай бала бакчаны мектепке чейинки билим берүүнүн негиздери боюнча окутуудан өткөн, санитардык жана өрт коопсуздугунун ченемдерин сактаган жана жеке ишкер катары катталган жеке жактар ача алат.

Салык кызматы башка актуалдуу темалар боюнча кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну улантууда.

Пикир

Оставить комментарий