• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ак-Ордо конушунда ууру деп адамды мамыга байлап коюшкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Күн мурун Ак-Ордо конушунда мамыга эркек кишинин байланып турганы тартылган видео соцтармакта тараган. Ал адамдын төшүндөгү баракта “ууру” деп жазылып турган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 20-июнда саат 16:00дө Сокулук райондук милициясына конуштардын биринде жергиликтүү тургундар уурулукка шектүү адамды кармашканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Тергөө тобу окуя болгон жерге барып, Ак-Ордо конушунда жергиликтүү тургундар телефон, үй буюмдарын уурдоого шектүүнү кармап, мамыга байлап коюшканын аныкташкан.

Аталган факты каттоого алынып, 57 жаштагы Е.Ф. аттуу шектүү тергөө кызматына өткөрүлгөн.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Мындан сырткары, жергиликтүү тургундардын аракетине дагы юридикалык баа берилери айтылат.

Пикир

Оставить комментарий