• 88.68
  • 95
  • 0.95

Балыкчыдагы устаканада өрт чыкты — сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-июлда саат 07:00дөр чамасында Балыкчы шаарынын Өмүр көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн устаканасында өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жерине куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып саат 07:41де өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Жалпысынан 40 чарчы метр устакана күйгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.

Пикир

Оставить комментарий