• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

"Барселона" клубунун башкы машыктыруучусу Эрнесто Вальверде иштен айрылды

Спорт 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Испаниялык "Барселона" клубу өзүнүн башкы машыктыруучусу Эрнесто Вальверденин эмгек келишимин жокко чыгарды. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайтында жарыяланды.

55 жаштагы машыктыруучусунун келишими токтогондугун "Барселона" твиттердеги баракчасынан билдирди.

"Испаниялык "Барселона" клубу Эрнесто Вальвердеге анын кесипкөйлүгү, дилгирлиги, ишине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирет. Биз ага ийгилик каалайбыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Вальверде 2017-жылдан бери "Барселона" командасын машыктырып келген. Анын алдында аталган команда эки жолу Испаниянын чемпиону болгон.

Белгилей кетсек, "Барселона" быйылкы сезондо 40 упайы менен тизменин сап башында келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий